Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Бүгүн жарандык активист Адилет Балтабайдын соту болот


Адилет Балтабай акыркы сот жараянында. 2022-жылдын 27-июлу. Бишкек шаардык соту, Кыргызстан.
Адилет Балтабай акыркы сот жараянында. 2022-жылдын 27-июлу. Бишкек шаардык соту, Кыргызстан.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин соттук териштирүүсү уланат. Аны коргоо комитетинен кабарлашкандай сот маалында Адилет Балтабайдын апасы жана тарапташтары президент Садыр Жапаровго жана УКМКны төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошмокчу.

Акыркы ирет Адилет Балтабайдын соту 27-июлда болгон. Бирок сот имаратта жараянды өткөрө турган бош бөлмөнүн жоктугун айтып, аны кийинкиге жылдырган.

Активисттин жактоочусунун ал жолку айтымында, райондук сотто аныкталган бөгөт чарасына каршы апелляциялык даттануу шаардык сотко бир ай мурда эле, активист жаңы кармалганда берилген. Мыйзам боюнча арыз 14 күндүн ичинде каралышы керек.

30-июнда Ички иштер министрлиги Адилет Балтабайды суракка чакырып, эртеси күнү ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында айып коюлган.

27-июлда Адилет Балтабай "Азаттыкка" интервью берип жатып, ага эки берене боюнча күнөө коюлуп жатканын, бирок экөөсү тең акылга сыйбай турганын айткан.

"Мага "бийликке баш ийбөөгө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү" деген айып коюп жатышат. Мен кайсы жерде Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге баш ийбегиле деп айттым, мен кайсы жаранга зордук-зомбулук жасадым? Мени 5 жылдан 8 жылга чейин соттойбуз деп жатышат, кайсы күнөөм үчүн мени эркимен ажыратышат? Мен болгону Фейсбукта өз пикиримди гана айтып келдим", - деген эле Адилет Балтабай.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Укук коргоо уюмдары бийликти сөз эркиндигин сактоого, оппоненттерин, активисттерди куугунтуктабоого чакырып келатат.

XS
SM
MD
LG