Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Акыркы аптада 16 726 жол эрежеси бузулду, 248 мас айдоочу аныкталды


Бишкек-Торугарт жолундагы унаалардын кырсыгы. 2018-жылдын 16-декабры. Фото архивден.
Бишкек-Торугарт жолундагы унаалардын кырсыгы. 2018-жылдын 16-декабры. Фото архивден.

Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматынан маалымдашкандай акыркы аптада рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен өлкө боюнча 16 726 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Маалыматта айтылгандай алардын ичинен 3654 айдоочу ылдамдыкты чегинен ашырып айдаган. 163 адам тиешелүү документтери жок эле машина айдап жүргөн. Унаа каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин 5438 айдоочу бузган. Жол кыймылынын толук катышуучусу болгон 955 адам жөө жүрүүчүнүн эрежелерин бузган. Үч айдоочу ээнбаштык жасаган. Өз алдынча унаа каражатынын түзүлүшүнө өзгөртүү киргизип алган 57 жаран аныкталды. 5295 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес. Эреже киргенден кийин деле он алты адам унаасынын айнектерин караңгылатылып алган.

Мас абалында транспорт каражатын башкарган 248 жаран кармалды. Айып салына турган жайга 948 унаа токтотулду.

Жол кыймылы кызматы айдоочуларга "өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө, аны сактабай коюу, жол кыймылынын башка мүчөлөрүнө көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпашы керектигин" эскертти.

Кыргызстан жол кырсыгы көп катталган жана анын кесепетинен адамдар көп каза болгон өлкөлөрдүн катарына кирет.

Ички иштер министрлигинин маалыматтарына караганда быйыл январь-март ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталып, андан 110 адамдын өмүрү кыйылган. Дагы 2079 адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр жолдо 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан болот.

Иликтөөлөр өлкөдө орто эсеп менен жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч адам каза болорун аныктаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде дүйнө жүзүндө жыл сайын жол кырсыктарынан орто эсеп менен 1 млн. 350 миңдей адамдын өмүрү кыйылат.

XS
SM
MD
LG