Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Иран атомдук бомбага керектүү нерселери бар экенин, бирок аны жасабай турганын маалымдады


Мохаммад Эслами
Мохаммад Эслами

Ирандын Атомдук энергия боюнча мамлекеттик мекемесинин башчысы Мохаммад Эслами Ислам Республикасында атомдук бомба өндүрүшүнө керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин, бирок алар аны жасабай турганын маалымдады. Бул тууралуу ал 1-августта айтканын Fars маалымат агенттиги жазды.

Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин башкы кеңешчиси Камалем Харрази да өткөн айда ушундай пикир айткан. Эслами анын сөзүн кайталады.

Иран ушул тапта уранды 60% таза абалда байытууга жетишти. Бул Тегеран 2015-жылы дүйнөлүк лидерлер менен келишим түззгөнгө чейинки чектен 3,67%га жогору. Эгер уран 90% чейин таза байытылган болсо, аны өзөктүк курал чыгарууга пайдаланууга мүмкүн болуп калат.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам Республикасы өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап, ортодо токтоп да калган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG