Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

АКШ, Франция жана Британия Орусияны өзөктүк курал боюнча билдирүүлөрдөн карманууга чакырды


Орусиянын Аскердик-деңиз флотунун кызматкерлери атомдук суу астындагы кемени ишке берүү учурунда.
Орусиянын Аскердик-деңиз флотунун кызматкерлери атомдук суу астындагы кемени ишке берүү учурунда.

АКШнын, Франциянын жана Улуу Британиянын тышкы саясат мекемелери Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди толук аткарууга ынтызарлыгын билдиришип, Орусияны “коркунучтуу өзөктүк риториканы” колдонуудан, өзөктүк согушту баштап жиберүүдөн баш тартууга чакырышты.

Биргелешкен билдирүү Нью-Йорктогу жолугушууда айтылды. 1-августта мында Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөрдүн 10-конференциясы башталды.

Жыйындын ачылышында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш “дүйнө кансыз согуш мезгилинен бери болуп көрбөгөндөй өзөктүк курал коркунучуна” туш болгонун айтты. Гутерриш дүйнөдөгү бардык өзөктүк куралды жок кылууга үндөдү.

“Тобокелчиликтерди азайтуу жетишсиз. Өзөктүк куралды толук жок кылуу – бул ал колдонулбайт дегенге бирден-бир кепилдик. Биз ушул максаттын үстүнөн тынымсыз иштөөгө аракет кылышыбыз керек”, - деди баш катчы.

Өзүнчө сөз сүйлөгөн АКШнын президенти Жо Байден Орусия менен Кытайды өзөктүк куралданууну чектөөгө кызыкдар болууга чакырды.

“Менин администрациям 2026-жылы мөөнөтү бүтчү СНВ-III келишимин алмаштыра турган, куралданууга көзөмөл жүргүзүүчү жаңы системанын үстүнөн тез арада сүйлөшүү өткөрүүгө даяр. Бирок анүчүн сүйлөшүүгө чын ыкластан кызыкдар болгон өнөктөш болуш керек”, – деп айтылат америкалык лидердин сөзүндө.

Орусиянын президенти Владимир Путин өз кезегинде конференциянын катышуучуларына кайрылып жатып, келишимдин тамгаларын жана духун Орусия сактап жатканын айтты. Ал ошондой эле өзөктүк курал башталып кетсе, анын жеңүүчүлөрү болбой турганын эскертти.

Украинага кол салгандан кийин Владимир Путин өзөктүк куралдарды толук даярдыкка келтирген. Бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик медиалардын журналисттери Орусиянын Украинадагы согушта атомдук курал колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу бир нече жолу ишарат жасашкан.

Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге (Non-Proliferation Treaty, NPT) 1968-жылы СССР, АКШ, Франция, Улуу Британия баштаган 40 мамлекет кол койгон. Орусия Федерациясы СССРдин мураскери катары бул келишимди аткарууга милдеттеме алган. Учурда макулдашууда 190дон ашуун мамлекет катышуучу болуп саналат.

Бул келишим Улуу Британиянын, Кытайдын, Орусиянын, АКШнын жана Франциянын өзөктүк арсеналын мыйзамдаштырат, келишимге кол койгон башка мамлекеттер жапырт кыргын салуучу куралды иштеп чыгуу укугунан ажырайт. Израил, Индия жана Пакистан келишимден сыртта. 2003-жылы Түндүк Корея да макулдашуудан чыгып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG