Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Ысыктан улам электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жетти


Кондиционер.
Кондиционер.

Кыргызстанда июль айындагы аптаптуу аба ырайынан улам электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жетти. "Улуттук электр тармагынын" кабарлашкандай, быйыл жайкы керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү 27-июлда катталып, 35 миллион 353 миң киловатт-саатты түзгөн.

Учурда суткалык орточо колдонуу 34 миллион 300 миң киловатт-саат болууда. 2021-жылы бул көрсөткүч 32 миллион 76 миң, 2020-жылы 28 миллион 55 миң киловатт-саатка жеткен.

Кыргызстанда июль айында абанын табы 40 градустан ашты. Мындай ысыкта үйлөрдө жана жана ишканаларда кондиционер же башка салкындатуучу жабдуулар тынымсыз колдонулду.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы жарандарды бир убакта бир нече тиричилик техникасын колдонбоого, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG