Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

АКШдан келген ыктыярчылар Бишкекте ант беришти


Министр Алмазбек Бейшеналиев.
Министр Алмазбек Бейшеналиев.

АКШдан Кыргызстанга билим жаатында жардам берүү үчүн келген ыктыярчылар бүгүн 4-августта Бишкекте ант беришти, алар менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, “Тынчтык корпусу” аркылуу Кошмо Штаттардан 11 мектеп директору, 11 мугалим жана 11 ыктыярчы келген, алыр кыргызстандыктарга англис тилин үйрөтүшөт.

Өз сөзүндө министр Бейшеналиев ыктыярчыларга ийгилик каалап, Кыргызстанга буга чейин келип иштеп кеткендер жергиликтүү мугалимдерди окутуу, жаштардын өнүгүүсүнө жардам берүү боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырышканын, жүз миңден ашуун кыргызстандыкка англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик сапаттарын кеңейтүүгө жардам беришкенин айтты.

“Тынчтык корпусунун” ыктыярчылары Кыргызстанга 1992-жылы кабыл алынган келишимдин алкагында өкмөттүн чакыруусу боюнча келип иштеп кетишет. 30 жыл ичинде 1 миңден ашуун адам келгени, азыркы кезде Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Тынчтык корпусу” ыктыярчылардын санын көбөйтүү аракетин көрүп жатышканы маалымдалды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG