Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Ыктыярчылар чөгүп кеткен төрт жашар кызды табууга көмөк сурашты


Кызды издеп жүргөн куткаруучулардын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Кызды издеп жүргөн куткаруучулардын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен төрт жашар кызды табууга көмөктөшүүнү өтүнүп, анын жакындары жана ыктыярчылар элге кайрылышты. Алар жергиликтүү тургундарды жана кайдыгер эмес жарандарды издөө иштерине жигердүү катышууга үндөп, кызды тапкан адамга 200 миң сом сый акы убада кылышты.

18-июлда Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын аймагында ата-энеси менен эс алып жүргөн төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Андан бери милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана ыктыярчылардан турган жоон топ аны издеп жатышат.

Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, 4 санаторий, 364 чакан мейманкана, сегиз эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG