Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Ош мэриясы таза суу маселесин чечүүгө 250 млн. сомдук тендер жарыялады


Ош шарынын борбордук бөлүгүндө сууга кезек күткөндөр. 22-май. 2022-жыл
Ош шарынын борбордук бөлүгүндө сууга кезек күткөндөр. 22-май. 2022-жыл

Ош шаардык мэриясы 250 миллион сомдук долбоордун негизги максаты нөшөрлөп жааган жаан жана суу ташкын мезгилинде үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу экенин белгиледи.

“Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар. Ушундан улам Ак-Буура дарыясы булганат. Бул долбоордун негизинде 2,4 чакырым кошумча суу линиясын тартуу каралган. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, ал ишке ашырылгандан кийин шаардагы таза суу маселеси 70-80% чечилет деп болжолдонуп жатат”,- деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Оштогу таза суу маселесин чечүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы 2016-жылы эле 250 миллион сом берген. Ошондон бери тендер ар кандай себептер менен жарыяланбай келген.

Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын дарыя ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Айрым учурда эки-үч күнгө чейин суу берилбей калат.

Көйгөйдү чечүү үчүн буга чейин эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн. доллар грант катары берилген, бирок маселе чечилген эмес. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG