Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Иран өзөктүк келишим боюнча жообун бир суткада берерин маалымдады


Хоссейн Амир-Абдоллахиан
Хоссейн Амир-Абдоллахиан

Ирандын бийлиги өзөктүк программа боюнча Европа Биримдиги сунуштаган келишимдин соңку текстин алганын жана ага бүгүн-эртең бир жактуу жооп берерин маалымдады.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиан бул күндөр чечим кабыл алуу үчүн өтө маанилүү болорун белгилеп, соңку келишимге келүү үчүн Вашингтонду аз-маз ийге келүүгө чакырды.

“Биз 40 күндөн соң, же эки-үч айдан кийин ишке ашпай кала тургандай келишим кабыл алгыбыз келбейт. Биз аларга бардыгыбыздын кызыкчылыктарыбыз дал келиши керек деп айттык”, – деген министр Ирандын мамлекеттик Fars news маалымат агенттигине.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары жана сүйлөшүүлөрдүн координатору Жозеп Боррел жаңы келишимдин долбоору диалогго катышып жаткан өлкөлөргө жеткирилгенин 8-августта билдирген. Анын айтымында, бул долбоор “соңку текст болчу жана ал “ооба”, же “жок” деген гана жоопту талап кылат.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам Республикасы өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада ага каршы чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде Венада башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жаткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG