Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Орусия Түркияга С-400 зениттик ракеталарын дагы сатты


Орусиянын С-400 зениттик ракеталык комплекстери.
Орусиянын С-400 зениттик ракеталык комплекстери.

Москва Түркияга С-400 зениттик ракеталык комплекстердин экинчи топтомун сатты. Бул тууралуу Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев “Армия-2022” форумунда жарыялап, алар жаңы келишимди аткаруунун үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Шугаев келишим качан түзүлгөнүн тактаган жок, бирок ал өндүрүштүн бир бөлүгү Түркиянын өзүндө жайгашарын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, “оор саясий кырдаал” Орусиянын башка өнөктөштөр менен карым-катышына терс таасир этти, бирок Түркия менен аскердик-техникалык кызматташтык уланууда.

С-400 “Триумф” – алыскы жана орто аралыкка атылчу зениттик ракета. Ал Орусиянын куралдануусуна 2007-жылы кабыл алынган. Москва аны Түркиядан сырткары Кытайга жана Индияга жеткирген, орус аскерлери аны Сириядагы согушта пайдаланышкан. Москва менен Анкара бул комплекстерди жеткирүү тууралуу келишимге 2017-жылы кол коюшкан. Түркия НАТОнун ичинде бул куралды алган биринчи өлкө болуп калган.

Вашингтон бир нече жолу Анкараны бул комплекстерден баш тартууга чакырып келген. Түркия ага жооп кылып, уюмдун ичиндеги өнөктөш буга окшош куралдарды ыңгайлуу шартта бере алышпаганын жүйө келтирген.

АКШ Түркиянын С-400 системаларын сатып алганына байланыштуу Анкарага өзүнүн F-35 кыргын салуучу (истребитель) учактарын сатуудан баш тарткан жана бир нече түрк аткаминерлерин санкцияга киргизген.

Айрым америкалык жана европалык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлагандай, Вашингтон азыр Түркия ушуга чейин алган ракеталык системаларын Украина берсе, Анкарага салынган санкциялар алынарын убада кылып жатат. Ага карабай Анкара апрелде аталган ракеталардын жаңы полкун сатып алууга даярданып жатканын жар салган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG