Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Крымда дагы бир аскердик аэродром жарылды


Симферопол районунун Гвардейское конушундагы учактын эстелиги. Иллюстрациялык сүрөт.
Симферопол районунун Гвардейское конушундагы учактын эстелиги. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Симферопол районунун Гвардейское конушундагы аскердик авиабазада бир нече жарылуу катталды. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы жергиликтүү тургундарга жана аралдын сыртында жашаган Крым-татар калкынын межлисинин башчысы Рефат Чубаровго таянуу менен кабарлады.

Аэродромдо Украинадагы согушка катышып жаткан Су-24М бомбалоочу жана Су-25 чабуул жасоочу учактар жайгашкан эле. Басылманын булагы кабарлагандай, аскерлер жана укук коргоо органдары ага дрондон чабуул болгон деген версияны карап жатышат. Бул окуя расмий түрдө комментарийлене элек.

Мунун алдында жарым аралдагы Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында катар-катар жарылуулар катталды. Окуялардын сүрөтү жана видеосу Телеграм-каналдарда тарады. Анда электр көмөк чордондору жана курал-жарак кампалары жарылды.

Жергиликтүү бийлик мындан бир нече адам жабыркаганын маалымдаса, Орусиянын Коргоо министрлиги курал-жарак кампасына диверсиялык кол салуу болгонун билдирди.

9-августта Крым жарым аралындагы орусиялыктар колдонгон "Саки" аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жараат алганын билдирген. Бир нече үйлөр талкаланган жана он чакты учак менен тик учактар талкаланганы кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун танып чыккан. Украинанын бийлиги да бул жарылуулар тиешеси бар экенин тактаган эмес. Украин аскердик чөйрөсүндөгү анонимдүү булактар бул соккулар Украинада иштелип чыккан куралдар менен аткыланганын батыш маалымат каражаттарына билдиришкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG