Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Сот Бейшеналиев иштен алгандарды кайра кызматка коюу чечимин чыгарды


Алымкадыр Бейшеналиев өзү 2-июнда камалып, кайра 16-июнда үй камагына чыккан.
Алымкадыр Бейшеналиев өзү 2-июнда камалып, кайра 16-июнда үй камагына чыккан.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда иштен алган кызматкерлердин арызын канааттандырды. Ага ылайык, аталган министрликте бөлүм башчы болуп иштеген Айнура Акматованы, Гүльмира Ибраеваны жана Азамат Жумакеевди кайра кызматына коюу, иштен алынган учурдан берки айлыктарын төлөп берүү тууралуу чечими чыкты.

Бейшеналиев буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын май айында саламаттык сактоо министринин орун басарлары, бөлүмдөрдүн жетекчилери Бейшеналиевди кызматтан алуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан.

Ошол маалда Германияда жүргөн Бейшеналиев Кыргызстанга келгенде бул кайрылууга кол койгон айрым кызматкерлерди иштен алган. Кызматтан кетирилгендер болсо сотко даттанышкан.

Бейшеналиев өзү 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Мунун натыйжасында Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тиреши жаралып, президент Садыр Жапаров бул жагдайды иликтөө үчүн коммиссия түзгөн. Кийинчерек мамлекет башчы маектеринин биринде "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан.

Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров 16-августта вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын кабарлаган. Бейшеналиев өзү кызматына кайра кайтып барууга даярдыгын, президенттин чечимин күтүп жатканын айткан.

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы буга байланыштуу чечим келерки аптада кабыл алынарын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG