Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын карайт

Адилет Балтабай 30-июнда камалган.
Адилет Балтабай 30-июнда камалган.

Бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык сотунда жарандык активист, блогер Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокатынын арызын карайт.

Ал 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Адилет Балтабай "Азаттыкка" комментарий берип, ага эки берене менен айып коюлуп жатканын, күнөөлүү эместигин айткан.

"Мага "бийликке баш ийбөө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү" деген айып коюп жатышат. Мен кайсы жерде Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге баш ийбегиле деп айттым, мен кайсы жаранга зордук-зомбулук жасадым? Мени 5 жылдан 8 жылга чейин соттойбуз деп жатышат, кайсы күнөөм үчүн мени эркимен ажыратышат? Мен болгону Фейсбукта өз пикиримди гана айтып келдим", - деген эле жарандык активист.

Ал акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкектеги казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып анын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Укук коргоо уюмдары бийликти сөз эркиндигин сактоого, оппоненттерин, активисттерди куугунтуктабоого чакырып келатат.

​
XS
SM
MD
LG