Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт


Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө. 25-август. 2022.
Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө. 25-август. 2022.

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы талылуу маселелер каралып, бир катар документтерге кол коюлат.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келишти.

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталган. Ушул эле күнү уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйынга чогулушту.

Аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгиледи. Мамлекет башчы артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурду.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Биримдикке мүчө болгону менен Кыргызстан үчүн коңшу Казакстан аркылуу жүк алып өтүүдө көйгөй жаралып келери өкмөттө да, парламентте да бир нече жолу айтылган. Айрым серепчилер ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн саясий бирикме экенин белгилеп келишет. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG