Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Кара-Көлдө үч баланын өмүрү кыйылган жол кырсыгы иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда 15-16 жаштагы үч окуучунун өмүрү кыйылган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 25-августта Кара-Көл шаарында, Ош-Бишкек автожолунда болгон.

16 жаштагы окуучу бала атасынын Subaru Outback машинасын айдап баратып жолдун бурулушунда оодарылып кеткен. Анын жанында дагы беш бала бараткан.

Үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жан берген. Айдоочу жана дагы эки жүргүнчү дарылануусун улантууда, алардын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Өспүрүмдөр Кара-Көл шаарындагы №2 жана №4 мектептердин окуучулары экени аныкталды.

Быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирген. Былтыркы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1572 жол кырсыгы катталып, 134 адам каза болгон, 2345 адам жараат алган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG