Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

УКМК: Чаткалдан мыйзамсыз казылган алтынды ташып бараткан жетекчи кармалды


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алтын кен компанияларынын биринин жетекчиси мыйзамсыз казылып алынган 1,5 килограмм алтынды машинасында ташып бараткан жеринен колго түшүрүлгөнүн 27-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, УКМКнын облустук башкармалыгы райондун кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоп, алардын алтын казуучу компаниянын кызматкерлери менен бирге алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөнүн иликтеп жатат.

Компаниянын жетекчилиги алтын казууда лицензияда аныкталган тилкенин чегинен чыгып, ал жерге унаа токтотуучу жай ачып алган жана муну менен мамлекетке экономикалык, экологиялык зыян алып келген, мыйзамсыз казылган алтынды тийиштүү төлөмдөрдү төкпөстөн ташып, сатууга аракет кылган деп айыпталууда.

Ишкананын жетекчиси атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды.

Кылмышка шектелип жаткан тарап азырынча бул боюнча маалымат же комментарий бере элек.

Чаткалда алтын казган бир нече ишкана бар. Аларды мамлекет берген лицензиянын негизинде чет өлкөлүк инвесторлор иштетет. (RK)

XS
SM
MD
LG