Чехия менен Польша Словакияга аскердик-аба күчтөрү советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-29 үлгүсүндөгү аскер учактарынан АКШда өндүрүлгөн учактарга өткөнчө анын аба мейкиндигиндеги коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөт. Бул тууралуу 27-августта Словакиянын Малацки шаарынын четиндеги Кучина авиабазасында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында үч өлкөнүн коргоо министрлери билдиришти.
Словакиянын коргоо министри Ярослав Над үч мекеме тийиштүү келишимге кол коюшканын айтты.
"Келишим 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Бул убакыттан баштап Словакияда МиГ-29 учактары колдонууга жатпайт”, - деди ал.
Чехиянын коргоо мекемесинин жетекчиси Яна Чернохова өз сөзүндө «Биздин үч өлкө тең Советтер Союзунда өндүрүлгөн аскердик техникадан көз каранды болуп келди. Украинада согуш башталгандан бери биз баарыбыз армияларыбыздын техникасын болушунча тезирээк жаңылоого аракет кылып жатабыз» деп айтты.
Словакия МиГ-29дарды тейлөө жылдан жылга кымбаттап жана тийиштүү адистер жетишпей баратканына байланыштуу андан баш тартууну чечкенин билдирген. Быйыл апрелде өлкө жетекчилиги аларды Украинага жардам катары өткөрүп берүү планы бар экенин жарыялаган.
Словакия НАТОго мүчө өлкө. Советтик учактарды ал америкалык F-16ларга алмаштырууну көздөөдө. (RK)