Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Орусияда Сталинди Гитлер менен салыштырган оппозициялык саясатчы кармалды


Украинадагы согуштун фонунда Орусиянын президенти Владимир Путинди Адольф Гитлерге жана Иосиф Сталинге салыштырган баннер. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадагы согуштун фонунда Орусиянын президенти Владимир Путинди Адольф Гитлерге жана Иосиф Сталинге салыштырган баннер. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык оппозициялык саясатчы Леонид Гозман нацисттер менен сталинчилерди окшоштурганы үчүн административдик иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу "ОВД-инфо" укук коргоо уюму кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ал шейшембиде соттук иш өткөнгө чейин камалып турат.

Полиция Гозманга Фейсбуктагы посту үчүн протокол түзгөн. Анда ал “нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер абсолюттук балекет (абсолютное зло) болгонун, ал эми СС аскердик түзүмү кылмышкер экенин” жазган. Ошол эле маалда саясатчы “советтик диктатор Иосиф Сталин менен менен НКВД андан жаман болушканын” белгилеген.

2021-жылы Мамлекеттик Дума коммунисттерди нацисттерге теңөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алып, ага президент Владимир Путин кол койгон. Андагы административдик беренеге ылайык, саясатчы 15 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн жана 2 миң рублге чейин айып төлөшү ыктымал.

Адольф Гитлер 1933-1945-жылдары нацисттик Германияны башкарган диктатор, Экинчи дүйнөлүк согушту баштаган. Иосиф Сталин СССРди 1922-жылдан 1953-жылга чейин жетектеген, өлкөдө тоталитардык диктатура орноткон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG