Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Төкмө акындардын XV эл аралык айтышы башталды


Кыргызстандык төкмө акындар 2021-жылы XIV эл аралык айтыштын тандоо турунда.
Кыргызстандык төкмө акындар 2021-жылы XIV эл аралык айтыштын тандоо турунда.

Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жарым финалы өтүүдө. Байге фонду үч миллион сомду түзөт.

Айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук “Манас” театры жана республикалык “Айтыш” коомдук фонду биргеликте уюштурууда.

XV ирет өтүп жаткан эл аралык айтышка казакстандык сегиз акын: Аспанбек Шугатаев, Биржан Байту, Сагыныш Смет, Сырым Ауэзхан, Алтынбек Ибрагимов, Мурадым Мирланов, Данияр Алдаберген, Айтпай Жумагулов катышат.

Казакстандык төкмө акындар менен сегиз кыргыз акыны жарышка түшөт: Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Чыңгызхан Кожошев, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Мамбеттокто Мамбетторозо.

Айтыштын финалдык бөлүгү 31-август күнү 18:00дө Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Буга чейин эл аралык кыргыз-казак айтышынын тандоо туру 22-августта саат 10:00дө “Манас” кинотеатрында өтүп, өлкө боюнча 30га жакын акын катышкан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG