Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Садыр Жапаров катышкан ардагерлердин футболдук беттеши башталды


Бишкекте Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өтүп жатат. Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 30-июлда, кечки саат 20.00дө башталды.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлердин курама командасынын катарында президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов дагы бар.

Алардан сырткары Владимир Орешин, Закир Жалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар ойнойт. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

“Өзүбүздүн мамлекеттүүлүк тарыхыбызга ээ болуу менен, жүз жылдык чекти басып өткөн улуттук футболдун да тарыхы бар экендиги кубандырат. Заман шарттарына ылайык, жасалып жаткан күч-аракеттердин негизинде ири долбоорлор ишке ашырылып, дагы бир топ иш-пландарыбыз алдыда турат", - деди президент Жапаров мелдешти ачып жатып.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасынын курамына Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар кирген.

Иш-чара концерттик программа менен ачылды. Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлүп жатат.

Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилегени турат. Бул күндү утурлай борбор калаада жана өлкөнүн бардык аймактарында бир катар иш-чаралар өтөрү белгиленген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG