Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Еврошаркетке мүчө өлкөлөр украин аскерлерин чогуу даярдоону макулдашты


Украин жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украин жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Украинанын жоокерлерин даярдап, машыктырган атайын миссия түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу аталган уюмдун тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Прагада коргоо министрлеринин бейформал жолугушуусунда билдирди.

“Сөз аскердик аракеттер тууралуу гана эмес, жалпысынан эле согуш кантип жүрөрүндө турат. Аскер кызматкерлери дал ушуну үйрөнүшөт”,- деди Боррел.

Боррел ушул тушта Евробиримдикке мүчө бир катар мамлекеттер өз алдынча Украинанын жоокерлерин окутуп, кайра даярдоого жардам берип жатканын, бардык аракеттерди бириктирүү зарылдыгы келип чыкканын кошумчалады. Ошол эле маалда атайын миссия кантип иштерин тактаган жок. Айрым маалыматтарга караганда украин жоокерлери аталган уюмга мүчө коңшу мамлекеттерде даярдыктан өтүшү мүмкүн.

Боррелдин демилгесин Люксембург менен Австриянын коргоо министрлери толук колдобосу белгилүү болду.

Шаркетке мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери Прага жолугушуусунда орусиялык жарандарга виза берүүнү чектөө сунушун да талкуулашат.

Франция менен Германия орус жарандарына виза берүүнү биротоло токтотууга каршы чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG