Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын чакырык кубогун утуп алды.
Кечээ, 3-сентябрда Чолпон-Атада өткөн финалдык беттеште кыргыз волейболчулары Сауд Арабиясынын командасын 3:2 эсебинде жеңди. Оюндун алгачкы эки партиясында саудиялыктар алдыда келе жаткан.
Кийинки үч партияда кыргызстандык волейболчулар катары менен утуп (29-31, 20-25, 25-23, 25-22, 15-11), жеңишке жетти.
Волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогуна Кыргызстан менен Сауд Арабиясынан сырткары Өзбекстан жана Монголиянын курама командалары катышты. 3-орун үчүн беттеште Өзбекстандын командасы монголиялыктарды 3:2 эсебинде жеңип алышты.
29-августта башталган тайпалык оюндарда Кыргызстандын командасы Өзбекстанды 3:1 эсебинде утуп, Сауд Арабиясы (1:3) менен Монголияга (0:3) жеңилген. Жарым финалда Монголияны 3:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан. (ECh)