Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Айланма жолдогу кырсыкта беш адамдын өмүрү кыйылды


Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, беш киши мүрт кетти. Кырсык 3-сентябрь күнү 22:00 чамасында болгонун Чүй облустук милициясынан "Азаттыкка" ырасташты. Маалыматка караганда, айланма жолдо, ГЭС-5 аймагына жакын жерде BMW, Mazda жана Mercedes-Benz автоунаалары кагышкан. BMWнын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткени айтылды.

Үч кишинин ооруканага жеткирилгени маалым болду. Жараат алгандардын арасында үч жашар наристе бар.

Кырсыктын чоо-жайы териштирилип жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл алты айда эле Кыргызстанда үч миңдей жол кырсыгы катталып, андан 248 адамдын өмүрү кыйылган. 4600дөн көбү ар түрдүү жаракат алышкан.

2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Милициянын байкоосуна ылайык, авариялардын 92,4% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70% 25тен 40 жашка чейинкилер. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG