Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш кайра токтотулду


Алишер Саипов
Алишер Саипов

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу 2019-жылы жанданган кылмыш иши кайра токтотулду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов "Азаттыкка" 6-сентябрда ырастады. Ал кылмыш иши " айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу" токтогонун тактады.

Журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча 2013-жылы токтотулган кылмыш иши 2019-жылы кайра жанданган болчу. Башкы прокуратуранын Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциацияга (IFEX) берген жообунда Ош облустук прокуратурасы 2019-жылдын 29-августунда тергөөчүнүн буга чейинки ишти токтотуу тууралуу чечимин жокко чыгарып, тергөө жүрүп жатканы белгиленген.

Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. 2010-жылы анын өлүмүнө шектүү катары 20 жылга соттолгон жарандын күнөөсүз экени далилденген. 2012-жылы иш кайра жанданып, 2013-жылы декабрда токтотулган.

Алишер Саипов 2005-жылдагы революцияны, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясынын кесепеттерин чагылдырып жүргөн.

Журналист курман болгон кезде болгону 26 жашта болгон. Ал «Америка добушунда», «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында, «Фергана.ру» маалымат агенттигинде, «Демос-таймс» жана өзү негиздеген «Сиёсат» гезитинде иштеген.

Саиповдун ысымы Вашингтондогу «Newseum» маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган. (КЕ/SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG