Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Аба ырайы: Ош, Чүй, Ысык-Көлдө өткүн өтөт


9-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градуска жетет.

Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° болот.

XS
SM
MD
LG