Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан ачылат


Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан иштей баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында эмгек, социалдык өнүртүрүү жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлуп, аталган орган кийинки аптадан тарта иштей баштайт.

"Москвадагы өкүлчүлүк 11 кызматкерден турат. Аны кайрадан түзүү боюнча чечимге эки-үч күн мурда кол коюлду. Министр Кудайберген Базарбаев анын жетекчисин дайындап, 11-сентябрдагы Москвага сапарында бирге ала кетет", - деди Базарбаев.

Буга чейин Орусиядагы мигранттар Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жабылып калганына нааразылык билдирип келишкен.

Жыйын башталар алдында депутаттар Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери мигранттардын маселесине кайдыгер карайт деп сынга алышкан.

Мындай нааразылыкка акыркы жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышпаганы себеп болгон. Мындан сырткары ички жана тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышууда.

Орусияда 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди. Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен.

Бул мөөнөт ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда бүтөрү айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG