Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

УКМК Сирожиддин Мухтаровдун өлгөнү тууралуу маалымат такталып жатканын кабарлады


Сирожиддин Мухтаров. Ош ОИИБ басма сөз кызматы сунуштаган сүрөт.
Сирожиддин Мухтаров. Ош ОИИБ басма сөз кызматы сунуштаган сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык издөөдө жүргөн "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаровдун өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

"Учурда УКМК бул террористтин өлүмүнүн жагдайын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бардык жагдайлар аныкталгандан кийин бул факты боюнча кошумча маалымат беребиз", - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын жана Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттары 9-сентябрда "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров Сирияда өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Анда Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчисинин орун басары, генерал-майор Олег Егоровдун брифингде айтканына шилтеме берилген.

2018-жылы Орусиянын Тергөө комитети "Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурган" деп айыпталган "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров экенин маалымдаган. 2017-жылдын 3-апрелинде метродогу жардырууда 16 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Бул жардырууга ушул күнгө чейин бир да террордук топ жоопкерчилик алган эмес.

УКМК 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратында жардырууну ишке ашырууга буйрук берген деп саналган кишинин аты-жөнү да Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экендигин маалымдаган. Ал Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, эл аралык издөө жарыяланган. Атайын кызмат жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышканын айткан.

Ал кезде элчиликтин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG