Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Чек ара кызматы Баткенде абал чыңалуу бойдон экенин билдирди


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында, кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 16:00гө карата чыңалуу бойдон турат. Маалыматка ылайык, Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетиндеги ок атышуу токтотулду.

Чек ара кызматы саат 08:10дон бери "Баткен районунда тажик тарап баштаган ок атышуулар болуп жатат" деп билдирген. Мекеме саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады.

Учурда эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүнү уланып жатканы кабарланды. Эки тарап Паскы-Арык аймагында жолугушууларды улантаары күтүлүүдө. Расмий өкүлдөр чатак чыккан аймактарга барып, чырды териштирүүдө.

Тажик тарап буга байланыштуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 15.08дө тажик чек арачылары Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын билдирди. Мунун алдында түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, саат 14.40ка карата токтогонун кабарлаган.

Жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" Как-Сайдагы атышуудан улам Достук айылындагы аялдар менен балдар Кызыл-Бел кыштагына качып келгенин маалымдашкан. Айрым маалыматтарга караганда, Ак-Сай айылынын айрым тургундары да коопсуз жайга кетип жатат.

Буга байланыштуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик башчылары азырынча комментарий бере элек.

Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирген. Анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп бергени айтылат. Тажикстан буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Бүгүн эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган. "Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жараат алганын билдирди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG