Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Иманкулов: каза болгондор такталууда, коопсуздукту бекемдөө тапшырмасы берилди


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жыйыны боюнча маалымат берди. Анда Иманкулов Баткендеги чек арага жакын аймактагы жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аймакты бекемдөө тапшырмасы берилгенин кабарлады.

“Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, аймакты бекемдөө максатында керектүү тапшырмалар берилди. Тажикстандын аскерлеринин ок чыгаруусунда биздин жарандардын арасында каза болгондор, жаракат алгандар бар. Алардын санын тактап маалымат беребиз. Тынчтык жолу менен чечели деп аларга көп жолу кайрылдык. Алар токтотууга буйрук берип жатабыз деди. Бирок, чек арадагы аскерлери ок атууну токтоткон жок”, - деди Иманкулов.

Саламаттык сактоо министрлиги саат 20:00гө (16-сентябрь) карата Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны жаракат алганын кабарлады. Мекеме 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлап, “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.

"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.

Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG