Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргызстандын Чек ара кызматы Достук айылы минометтук аткылоого кабылганын билдирди


Баткен шаары. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен шаары. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 11:15ке карата тажик тараптан Баткен облусунун Достук айылы минометтук аткылоого кабылганын билдирди.

"Тажик тарап эки ортодо жетишилген макулдашууларга карабай, Достукту үч минометтук эсептен ок чыгарганы, кыргыз чек арачылары чабуулдун мизин кайтарып жатканы" айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Тажикстан тараптан бул боюнча расмий маалымат бериле элек.

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев тажик аскерлери 16-сентябрда кирип келген Лейлек районундагы айрым айылдар бошотулганын айтты.

Расмий Бишкек кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган атышууда Кыргызстандан 87 адам жараат алып, 24 адам мерт болгонун расмий кабарлады.

Расмий Дүйшөмбү жарадарлар жана каза тапкандар тууралуу маалымат берген жок. "Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме кылып тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жараат алгандар да бар экенин кабарлаган. Маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG