Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

БУУ Кыргызстан менен Тажикстанды диалогго чакырды


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга тынчсыздануу менен көз салып жатат. Ал каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу Гутерриштин маалымат катчысы Стефан Дюжаррик билдиргени уюмдун сайтында жазылды.

Анда Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстан жетекчилерин ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүгө чакырган. Ошондой эле эки тарап тең чыңалууну басаңдатууга бардык механизмди колдонушу керектиги айтылат. Уюм маселенин чечүү жолун издөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгилеген.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00гө карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 18:20га карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан чыңалып турганын кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин билдирди. Бирок, Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG