Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

"Америка авазы" радиосунун Оштогу кабарчысы өзүн белгисиз кишилер сабап кеткенин айтты


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында "Америка авазы" радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибхоновду белгисиз бирөөлөр сабап салышкан. Журналисттин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, окуя 17-сентябрда саат 17:00ге чукул Баткен үчүн жардам чогултулуп жаткан штабдын алдында, борбордук аянтта болгон.

"Мен "Баткенге жардам" деген жазуусу бар дубалдын алдында стендап жасадым. Бүткөнүмдө мага милиция кызматкери (аял) келип, ким экенимди сурады. Өзүмдү тааныштырып, журналисттик күбөлүгүмдү көрсөттүм. Көп өтпөй дагы белгисиз эки киши келип, мени парк тарапка сүйрөй башташты. Биринин колунда бычагы бар эле. Алар дагы "сен кимсиң, неге тартып атасың?" деп сурашып, менин жообумду укпай эле сабап салышты".

Насибхоновдун сөзүнө караганда аны көптөп тепкилеп жатышканда милиция кызматкерлери келип, алып кетишкен.

"Мени милиционерлер машина менен Улуттук коопсуздук кызматынын Оштогу башкармалыгынын имаратынын алдына алып келишти. Ал жерден бир кызматкер чыгып, мени машинада суракка алды. Ачыгын айтайын, мага орой мамиле жасашты. Андан кийин милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жерге менин башка кесиптештерим да келип калышкан экен, алар менен кошо ооруканага бардык. Дарыгерлер бетимдин үч жериндеги жарааттарды тигип, мээм чайкалганын тастыктаган кагаз беришти".

Давронбек Насибхонов милицияга он күндүн ичинде арыз жазарын кошумчалады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалымат катчысы Абсатар Тавакалов журналист арыз жазуудан баш тартканын "Азаттыкка" билдирди:

"Журналисттин сабалганы боюнча маалымат бизге эки жактан: ал кайрылган ооруканадан жана гумжардам чогултулуп жаткан аянтчадан келип түшкөн. Биздин оперативдүү-тергөө тобу барса, ал "эч кимге дооматым жок, түшүнбөстүктөр болуп кетти" деп тил кат жазып, кол коюп бериптир".

Давронбек Насибхонов 2000-жылдары "Демос таймс", "Сиесат" гезиттеринде, 2010-жылдан кийин "Ынтымак" телеканалында иштеп жүргөн. 2016-жылдан тартып "Америка авазы" радиосунун аймактык кабарчысы болуп иштеп жатканын айтты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG