Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого чакырды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат 17-сентябрда Москвадагы кыргыздардын аймактык уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Элчиликтин маалыматына караганда, элчи Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдан улам эч кандай чагымдарга алдырбоону жана башка өлкөлөрдүн жарандары менен чатакка барбоону кыргызстандык мигранттарга түшүндүрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Жолугушууга келгендер мигранттардын ичинде да түрдүү маалыматтар тарап жатканын белгилеп, аларга адекваттуу мамиле кылуу зарылдыгын айтышты.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселеси да талкууланды.

Элчилик бардык кыргызстандыктарды ар кандай чагым маалыматтарды таратуудан карманууга жана чагымдарга алдырбоого чакырды.

Орусияда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын ортосунда жапырт мушташтар катталып жүрөт. Быйыл марттын башында Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Благовещенск шаарында эмгек мигранттары мушташты деген видео тараган. Чырга катышкандар Тажикстандан жана Кыргызстандан барган мигранттар экени аныкталган.

2021-жылы июлда Москва шаарынын “Кузьминки” метросунун жанында кыргыз-тажик мигранттардын калайман мушташы катталган. Маалыматтарда мушташка 200дөй адам катышканы, кийин 100дөй адам кармалып, алардын 40 чактысы камалганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG