Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Министр: Баткенде гумжардамдын эсеп-кысабы алынып жатат


Баткен үчүн Бишкек баштаган бардык аймактарда гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Бишкекте Спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен үчүн Бишкек баштаган бардык аймактарда гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Бишкекте Спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкек баштаган бардык аймактарда чогултулган, Баткенге жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды бөлүштүрүү, анын эсеп-кысабын алуу үчүн атайын комиссия иштеп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу 19-сентябрда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Элге ыраазычылык билдирем, жардам тынбай келип жатат. Кечээ 250 тонна жардам келди, негизинен Лейлек районуна жөнөтүп жатабыз. Себеби жол жабылып калгандыктан, жогорку жактагы көпүрөнүн жардырылганан улам байланыш үзүлүп калган. Ошондуктан убактылуу бир аз азык-түлүк каатчылыгы болду. Кечээ Маргунга алты машина жетти. Раззаков шаарына, Раватка толугу менен гуманитардык жардам жете баштады. Элде гумжардамды таркатууну уюштуруу кандай деген, жетип жатабы деген көп суроо болууда. Жардам берген жарандар камсанабаса болот. Келген жүктүн баарын, келген машиналардын баарынын эсеп-кысабын алып жатабыз. Буга байланыштуу бизде штаб түзүлгөн. Баткен облустук администрация, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнөн комиссия түзүп, тынбай келген жардамдарды каттап жатат",-деди Ажыкеев.

Баткенде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосуновдун билдиришинче, азырынча айрым чек арадагы айылдарга жол жабык турганына байланыштуу гуманитардык жардам толук жете элек.

Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп, автоунаа менен жөнөтүп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG