Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Иманкулов: Баткендеги кол салуунун далилдерин эл аралык деңгээлге алып чыгууга даярбыз


Маарат Иманкулов.
Маарат Иманкулов.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги "Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин" 19-сентябрда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Иманкулов Баткендеги окуяны "тажик тараптын агрессиясы жана кылмышы" деп атап, жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө топ иштеп жатканын, бардыгы видео жана фото фиксация болгонун кошумчалап, Кыргызстан маселени дипломатия жолу менен гана чечүүнү көздөрүн кошумчалады:

“Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга объективдүү маалымат берип жатат. Биз эл аралык коомчулукка алып чыгабыз болгон маселени. Эл аралык териштирүү болсо ага да даярбыз. Анткени биздин аларга кол салуу оюбуз жок болчу, бизге бирөөнүн жеринин бир метр да кереги жок. Маселени күч менен чечели деген ниетибиз жок. Өкмөт аралык комиссия иштесин. Эртең керек болсо эл аралык деңгээлге алып чыгабыз. Иш жүрүп жатат. Мамлекеттик комиссия иштөөдө”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атап, тажик тарапты “Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

19-сентябрда кыргыз эли аза күтүп жатат. Чек арадагы куралдуу кармашта кеминде 59 кыргыз жараны мерт болду, дагы 163ү жараат алды, чек арадагы айылдардан 140 миңден ашуун тургун коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Тажик бийлиги 30дай жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Окуяга байланыштуу эки тараптуу да, ички да комиссиялар түзүлүп, иштеп жатканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG