Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Ханыша Елизавета экинчинин сөөгү жерге берилди


Каныша Елизавета II менен коштошуу зыйнатынан бир көрүнүш. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Каныша Елизавета II менен коштошуу зыйнатынан бир көрүнүш. 19-сентябрь, 2022-жыл.

19-сентябрда Лондондо каныша Елизавета II менен коштошуу зыйнаты аяктап, сөөгү жерге берилди. Мамлекеттик деңгээлдеги тажыяны Британ биримдигине кирген мамлекеттердин коомдук телеканалдары түз алып көрсөттү.

Дүйшөмбү күнү таңга жуук маркум менен коштошууга келгендер үчүн Вестминстер сарайы жабылды. 14-сентябрдан бери Елизавета II менен коштошуп, сый-урматын билдирүү үчүн миңдеген британдыктар жана жана чет мамлекеттердин жарандары келишти. Алардын кезеги көп чакырымга созулду, айрымдар анда 12 саатка чейин тизилип турду.

Вестминстер-холлунан табыт падышалык үй-бүлөнүн коштоосунда Вестминстер чиркөөсүнө жеткирилди. Ал жерде коштошуу зыйнаты өттү. Ага падыша Чарльз III, падышалык үй-бүлө мүчөлөрү, архиепископ , Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс, ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Ага эки миңдей адам чакырылган. Елизавета II тажыясына чет элдик мамлекеттердин лидерлерин жана башка аткаминерлерин кошкондо 500дөй адам келди. Орусиянын, Беларустун, Сириянын, Венесуэланын, Ооганстандын жана Мьянманын расмий өкүлдөрү ханыша менен коштошууга чакырылган жок.

Коштошуу зыйнаты аяктаган соң анын сөөгү салынган табытты Вестминстер чиркөөсүнөн ары 98 британ морягы коштоп, Веллингтон аркасына жеткирди. Ал жерден жалпы Британия боюнча эки мүнөттүк жымжырттык жарыяланды. Андан соң табытты жүктөгөн машине жол четинде топтолгон миңдеген адамдарды аралап Виндзор сарайына барды. Ханышанын сөөгү мындагы Ыйык Георгий чакан чиркөөсүндө, күйөөсү принц Филипптин жанына жерге берилди.

Би-Би-Си ханышанын тажыясына байланыштуу Лондонго бир миллиондой киши келгенин кабарлады. Мындай маалыматты Transport for London компаниясы шаардын жакасына чыкчу поезддерге сатып алынган биллеттердин негизинде берген. Шаардагы коопсуздукту 10 миңдей полиция кайтарып турду.

Бул Улуу Британияда 1965-жылы Уинстон Черчилл каза болгондон берки биринчи мамлекеттик деңгээлдеги тажыя болуп калды.

Британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында 8-сентябрда каза болгон. 96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал өлкөнү 70 жыл башкарды.
Анын уулу Чарльз III Улуу Британиянын жаңы падышасы болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG