Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Баткенге былтыр чогултулган акча боюнча маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Баткенге 2021-жылдагы окуяда жабыркагандарга деп элден чогулган акча боюнча маселе көтөрүлдү.

Парламенттин 21-сентябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов Лейлек жерине барганда эл «Былтыркы топтолгон 500 миллиондун беш тыйынын да көргөн жокпуз» деп айтып жатканын билдирди:

«Былтыр Баткенде болгон окуядан кийин ошол жерде ӨКМге элден топтолгон жардам боюнча сурап, отчет алышыбыз керек. Элде бир топ ишенбестик пайда болуп жатканын айтышты. Бүгүн жалпы кыргыз эли, жашы, карасы дебей колунан келген акчасын топтоп берип жатат. Ушул акча да эртең туура багытта колдонулса деп айтат элем. Эртең бул жерге алып келип, отчетун бере тургандай кылышыбыз керек. Топтоп берет экенбиз, аягы чыкпай калып жатат».

Соңку окуяга байланыштуу Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп ачкан. Ага, 21-сентябрдагы маалыматына караганда, 197 миллион сом чогулду.

2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган жергиликтүү элге жардам чогултуу үчүн өкмөт атайын эсеп ачып, ага 120 миллион сомго жакын акча түшкөнү расмий айтылган. Мындан тышкары, коомдук уюмдар да өз алдынча жардам чогултушкан.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалыматтарды көз каранды эмес булактардан тактоого азырынча мүмкүн эмес болууда.(RK)

XS
SM
MD
LG