Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Прокурор журналист Болот Темировду беш жылга соттоону сунуш кылды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн 21-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту тараптардын жарыш сөзү менен уланды. Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылды. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин айтты.

Өз сөзүндө Болот Темиров күнөөсү жок экенин айтып, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгиледи:

«Кылмыш ишиндеги томдорду көбөйтүп, каалаганды кыла берсе болот, бирок башынан коюлуп жаткан негиздеме – жалган. Анкета жасалма болгон. Ошол жасалма анкетанын негизинде паспорт алуу мүмкүн эмес. Эгер мүмкүн болсо, анда паспорт берүүчү жалпы мамлекеттик системаны таштандыга ыргыта берсе болот”.

Сот 22-сентябрда уланат. Анда айыпталуучу тараптын дагы бир адвокатына сөз берилип, чечим чыгаруу жараяны башталат.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG