Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Иранда укук коргоочунун өлүмүнөн кийин каршылык акциялар тутанды


Иран.
Иран.

Иранда укук коргоочу Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларда кеминде төрт полиция кызматкери жараат алып, алардын бир жардамчысы каза болду. Нааразылык акциялары өлкөнүн бир нече аймагында тутанган.

Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG