Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Вилли Брандт тууралуу китеп кыргыз тилине которулду


“Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” аттуу китеп.
“Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” аттуу китеп.

21-сентябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде “Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары өттү. Эмгек "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун "Өрнөктүү өмүрлөр" сериясынын алкагында жарык көргөн.

Бул эмгекте Германиянын төртүнчү федералдык канцлери, мамлекеттик ишмер Вилли Брандттын саясий өмүр жолундагы көп жылдык тажрыйбасы, Германиянын социал-декмократиялык партиясынын 1848-жылдан берки басып өткөн жолу, партиянын түйшүгү, ошондой эле мамлекеттик идеялары үчүн болгон күрөш чагылдырган. Китепти кыргыз тилине коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев которгон.

Эмгек Германиянын Фридрих Эберт атындагы фондунун көмөгү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргызстандын Германия менен кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата басылды.

Китептин бет ачарына кыргыз өкмөтүнүн, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, академиялык уюмдардын, өнүгүү институттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз коомчулугуна сунушталып жаткан китептин каарманы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Вилли Брандт 1964-жылдан 1987-жылга чейин Германиянын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы болгон.

Ал дүйнө коомчулугуна социалисттик интернационалдын мурунку президенти, эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери катары кеңири таанылган.

Китеп саясат таануучуларга, тарыхчыларга, жогорку окуу жайлардын докторанттарына, магистранттарына жана студенттерине, ошондой эле жалпы окурмандарга арналат.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду буга чейин да өрнөктүү өмүрлөр сериясынын алкагында бир топ китептерди кыргыз тилинде басып чыгарган.

Алар Мао Маонун “Менин атам Ден Сяопин”, Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч”, М. Гандинин “Өмүр таржымалым же чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян", У. Черчиллдин “Асти сынбагыла”, Ж. Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү”, Аль Мактумдун “Ой учкундары”, Си Цзинпиндин “Мамлекетти башкаруу жөнүндө” аталышындагы китептер. (MZh)

XS
SM
MD
LG