Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Навальный Путиндин мобилизация тууралуу жарлыгын сынга алды


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусияда абакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальный президент Владимир Путиндин жарым-жартылай мобилизациялоо тууралуу чечимин кескин сынга алды. Анын бул тууралуу түрмөдөн жаздырылган видео пикирин саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жарыялады.

“Кылмыштуу согуш уланып жатат, тереңдеп баратат. Ошону үчүн Путин мүмкүн болушунча ага көбүрөөк адамдарды аралаштыргысы келип жатат. Албетте, бул чоң трагедияга алып келет, көптөгөн адамдар өлөт. Мунун бардыгы бийликти бир адамдын колунда кармоо үчүн жасалууда. Бийликти кармоо үчүн ал коңшу мамлекетке кол салды, эми катардагы жарандарды да ал жакка алып барып, кырганы жатат. Бул кылмыш, азыр ал чоң масштабдагы кылмышка айланды”, – деди Алексей Навальный.

Мунун алдында Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Өлкө президенти Владимир Путин тийиштүү жарлыкка кол койгонун 21-сентябрда орусиялыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын билдирди. Министр бул аракет бир жолу аткарылчу жумуш эмес экенин, мындан ары пландуу улантыларын да кошумчалады. Мунун алкагында негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрү айтылды.

20-сентябрда Мамлекеттик Дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, туткунга өз ыктыяры менен өтүп кеткендерге, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Ошол эле күнү Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчил аймактар 23-27-сентябрь күндөрү Орусиянын курамына кирүү тууралуу референдум өткөрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Бул окуялардын баары Украина Орусия басып алган аймактарды контрчабуул менен кайтарып алып жаткан учурга туш келүүдө.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Айрым талдоочулар Кремль максатына мобилизациясыз жете албасын айтышкан. Буга чейин орус бийлиги жалпы мобилизация болбой турганын билдирген.

Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык бар, алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңеште айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG