Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ирандагы нааразылык акцияларында кеминде беш адам өлдү


Ирандагы нааразылык акцияларынын жүрүшүнөн бир көрүнүш.
Ирандагы нааразылык акцияларынын жүрүшүнөн бир көрүнүш.

Иранда укук коргоочу Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларда кеминде беш адам өлдү. Бийлик мунун үчөө нааразылыкка чыккандар экенин тактады, укук коргоо уюмдары башка жерде дагы бир демонстрант каза болгонун кабарлады.

Мунун алдында полициянын бир жардамчысы каза болгону маалымдалган. Нааразылык акциялары өлкөнүн бир нече аймагында тутанган.

Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. Кеминде 20-30дай адам кармалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG