Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Кой-Таш окуясы: Курсан Асановдун соту уланды


Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.
Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 23-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соту уланды. Асановго 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу коюлуп жаткан айып боюнча сөз берилди. Ал “буйрукту укпай коюп, Атамбаевдин үйүнө кирип кеткен” деген айыпка макул эместигин, күнөөсү жок экенин белгилеп, иш саясий негизде козголгонун айтты.

“Кашкар Жунушалиев үч жолу штурм кылып, алып чыга албай койгондон кийин жоопкерчиликти өз мойнума алып, Атамбаевди тирүү алып чыкканымды бүгүнкү отурумда айтып бердим. Анын далилдери кылмыш ишинде да бар”, - деди Асанов “Азаттык” радиосуна.

Асановдун айтымында, ал тергөөдө да, сотто да мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен беттештирүү өтүнүчүн келтирген, бирок ал азырынча аткарыла элек.

Кийинки отурум 30-сентябрга белгиленди. Анда да Асановдун сөзү уланары айтылды.

2020-жылдын февралында Башкы прокуратура Асанов боюнча үч иш козголгонун, алар Биринчи Май райондук сотунда бириктирилип каралып жатканын маалымдаган.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

2021-жылдын январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча, ошол эле жылдын сентябрында “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде да иштер козголгону маалымдалган.

Биринчи Май райондук соту быйыл 28-июнда Октябрь окуяларына айыпталгандарды "кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

2021-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып баш прокурор Курманкул Зулушев Асановго козголгон иштердин жүйөсү бар экенин билдирген.

Жогорудагы айыптар боюнча Асанов бир нече жолу камалып, кайра кое берилген.

2019-жылдын августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөн, анда бир офицер каза болгон.(RK)

XS
SM
MD
LG