Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 29-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,
Нарын дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 8…10, күндүз 19…21°.
"Ачык Time" подкастын угуңуз