Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Кадырбек Атамбаев парламент депутаттарынын вице-мэрге мамилесин сындады


Кадырбек Атамбаев.
Кадырбек Атамбаев.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев мэриянын кызматкерлерин Жогорку Кеңешке көп чакырбоону суранды.

Мындай билдирүүнү ал Фейсбукка жазып, муниципалитет кызматкерлеринин жумушуна көз салуу, аларга баа берүү шаардык кенештин иши экенин эске салды. Ал 27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын вице-мэр Нурдан Орунтаевден "Бишкектеги тротуарлар жана жашыл аймактардын курулушун токтотууну талап кылышы - абсурд" деп билдирди.

Атамбаев 2015-2016-жылдары макулдашылган гранттык каражаттардын эсебинен жол, тротуар, жашыл аймактарды куруу планы мурда эле бекитилип, ишке ашырылып жатканын айтты.

27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевден калаадагы жашыл аймактарды куруунун чоо-жайын сураган.

Орунтаев жол куруу, жашыл аймактарга байланыштуу долбоор Кытай гранты менен ишке ашырылып жатканын, муниципалдык жерге курулган тосмолор алынып, тротуар салынарын айткан.

Сатыбалдиев вице-мэрдин жообуна канааттанбай, анын сөзүн бөлгөндө Орунтаев жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын белгилеген.

Сатыбалдиев Орунтаевди "каяша айтып жатасың " деп сындаган, Жогорку Кеңештин депутаттарын сыйлоо керектигин айтып опузалаган. Ошондой эле анын жаш курагын белгилеп, кечирим суроону талап кылган. Вице-мэр Сатыбалдиев "атасы менен тең куракта болгону үчүн кечирим сурайм" деп, анын талабын аткарган.

Жыйында депутат Бактыбек Сыдыков да вице-мэрди катуу айтып сындап, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө "акыл үйрөтпөөгө" чакырган.

Эки депутаттын мындай кадамы социалдык тармактарда катуу сынга кабылды. (SE)

AkiPress агенттиги жарыялаган видео:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG