Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин 1-октябрда тараткан маалыматына караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты.
Үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган.
ӨКМ тараткан маалыматка караганда, Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылды.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217си оңдоп-түзөлүшү керек.
Андан сырткары, 11 административдик, 27 социалдык объект, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге жасаган сапары учурунда аталган облуска жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" билдирди.
14-17-сентябрда чек арасында кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, арасында 14 жаштагы кыз бар. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70тен ашуун кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.
Калабадан кийин эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары жолугуп, тынчтык келишимин түзүшкөн. (КE)