Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

ДКО: Алыш күрөшүнөн Кыргызстан тогуз алтын байге алды


IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Алыш бел боо күрөшүнүн эки түрүнөн чемпион болгон Нагира Сарбашева. Изник, Түркия. 1-октябрь, 2022-жыл.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Алыш бел боо күрөшүнүн эки түрүнөн чемпион болгон Нагира Сарбашева. Изник, Түркия. 1-октябрь, 2022-жыл.

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык балбандар Алыш бел боо күрөшүнөн тогуз алтын, төрт күмүш жана алты коло байгеге ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 1-октябрда Алыш бел боо күрөшүнүн эркин жана классикалык түрлөрүнөн таймаштар өттү.

Алтын байгелерди Алыштын эркин түрүнөн кыз-келиндер арасында Элзада Момунжанова (55 кг), Нурзада Мыктыбек кызы (65 кг), Нурзат Бактыяр кызы (70 кг), Нагира Сарбашева (+75 кг), эркектер арасында Калысбек Каимов (60 кг), классикалык түрүнөн эркектер арасында Роман Сапаров (60 кг), Эсенбек Кудайбердиев (80 кг), Ойбек Камулов (90 кг), кыз-келиндер арасында Нагира Сарбагышева (+75 кг) алып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору аталышты.

Күмүш байгелерге Алыштын эркин түрүнөн эркектер арасында Азизхан Мусабек уулу (80 кг), Кадыр Келсинбеков (+100 кг), классикалык түрүнөн кыз-келиндер арасында Самара Абдумалик кызы (55 кг), Элза Абдыкадырова (60 кг) ээ болушту.

Коло байгелерди Алыштын эркин түрүнөн Касымбек Анарбаев (70 кг), Нурсултан Бочонов (90 кг), Исламбек Алик уулу (100 кг), классикалык түрүнөн эркектер арасында Орозбек Аширов (100 кг), Муктарбек Калыбек уулу (+100 кг), кыз-келиндер арасында Адина Нурматова (75 кг) алышты.

Жалпы командалык эсепте, Кыргызстандын Алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер курама командасы классикалык түрүнөн 1-орунду ээлесе, эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башына чыкты.

Шалвар күрөшүнөн кыргызстандык балбандар үч байгеге ээ болушту. Амантур Камчыбеков (70 кг) күмүш, Ислам Орозбеков (75 кг) жана Бекжан Жамбылов (80 кг) коло байге алышты.

Ушуну менен IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын эсебинде 14 алтын, тогуз күмүш жана 15 коло байге бар. Буга чейин Кыргызстандын спортчулары таяк тартыш, аба күрөшүнөн, салтуу жаа атуу жана капышмалы аба күрөшүнөн беш алтын, төрт күмүш жана жети коло байге алышкан.

29-сентябрда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-октябрда аяктайт. Бул күнү спортчулар көк бөрү, көкпар (жер улак), казак күрөш, бел боо күрөшү, пехливани күрөш жана бүйүк күрөштөн күч сынашат. Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын маалыматына караганда, көкбөрү менен көкпардан кош финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары ойнойт.
Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда. Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышууда. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG