Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Активистке орус элчилигинин алдында пикет өткөрүүгө уруксат берилген жок


Орусиянын элчилиги. Бишкек.
Орусиянын элчилиги. Бишкек.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 3-октябрда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына мобилизацияга каршы пикетке чыккан. Элчиликтин алдынан милиция кызматкерлери аны тосуп алып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарында 1-сентябрдан 1-декабрга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти.

Милиция сот тарабынан тыюу салынбаган жайга - Горький атындагы гүл бакка барып акциясын улантуусун сунуш кылганын Токтонасыров "Азаттыкка" кабарлады.

"Менин конституциялык укугум бузулду. Мен элчиликтин алдына Орусиядагы аскердик аракеттерге, мобилизацияга каршы нааразылык акциясына чыккам. Мен гүлбакта чалкалап эс алайын деген оюм жок. Мен элчиликтин алдында туруп ал жакка келген орустарды да Украинага согушка каршы турууга үндөдүм",- деди укук коргоочу.

Шаардык милиция буга байланыштуу комментарий бере элек.

Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясын Горький гүлбагынан улантып, бир сааттай пикет өткөрдү.

Укук коргоочу буга чейин Орусиянын Украинадагы согушуна да каршылыгын билдирип, нааразылык акцияларын уюштуруп келет.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрдан тартып жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан.

Мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орусиялыктар коңшу мамлекеттерге чыгып кетип жатышат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG