Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Матрезерв: өлкөдө 2 миллиондон ашык тонна күйүүчү майдын запасы бар


Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. 2020-жыл.
Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. 2020-жыл.

Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Мусабеков 3-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, фондго жалпысынан 6 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май алынган, анын 2 миллиону быйыл айыл чарба тармагы үчүн 61 сомдон дыйкандарга сатылды. Калганы күч түзүмдөрүнө берилди. Дагы 2 миллиондой тонна майдын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги баасын бычып бергенден кийин сатыла баштайт.

Өкмөттүн расмий эсебине ылайык, Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү жылына 1 млн. 200 миң тоннаны түзөт. Мунайдын 90% Орусиянын "БашНефть", "Ангарск нефтехимиялык заводу", Омск жана Орск аймактарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот.

"Газпром Нефть" жана "Роснефть" компанияларынын мунай бекеттерине Орусиядагы өздөрүнүн заводдорунан түз келет. Орусиядан келген мунайдан бажы алымы алынбагандыктан, литри 1,5 сомго чейин төмөнүрөөк баада келет.

Кыргызстанда мунай баасы акыркы 1,5 жылда эки эсеге жакын жогорулап кетти. Мунайдын биржалык баасынын кымбатташына орус-украин согушунан улам кирген жапырт санкциялар жана доллардын кунунун өсүшү кошул-ташыл себеп болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG