Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Орусия: курултайга мигранттар арасынан делегат тандоо башталды


Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.
Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттар арасынан курултайга делегат шайлоо камылгасы башталганын билдирди.

“Курултайга делегаттарды тандоого Орусияда каттоодон өткөн мигранттардын коомдук уюмдары катыша алат. Ар бир коомдук уюмдан бирден делегат шайланат”, - деп айтылат маалыматта.

Курултайга жалпысынан миң делегат катышат жана анын ичинен 28 адам чет өлкөдө жүргөн мигранттар арасынан тандалып келет.

Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койгон жана жол-жобосу бекиген.

Ал "курултайда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпей турганын" билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу. Бирок мыйзам убагында кабыл алынбай калган. Айрым депутаттар бул иш-чара президенттин жарлыгы менен чакырылып жатышын мыйзамсыз деп аташкан.

Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG